• 88.68
  • 95
  • 0.95

Боом капчыгайында таштарды атайылап түшүрүү жумуштары аяктады

Аймак 0

Бишкек, 14.10.22. /Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 129-чакырымындагы (Боом капчыгайы) кооптуу таштарды түшүрүү иштери аяктады. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы билдирет.

Маалыматка ылайык, таштарды түшүрүү иштеринде жалпы 22 темиржолчудан турган жумушчу топ иш алып барды. Алардын ичинен атайын даярдыктан өткөн 6 альпинист кооптуу таштарды атайын шаймандар менен түшүрдү.

Аталган иш-чара жылына эки жолу – жаз жана күз мезгилинде аткарылат, убактысы бир айга чейин созулат.

Кошумчалай кетсек, кооптуу таштарды түшүрүү иштери 17-октябрдан 21-октябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында уланат.

Пикир

Оставить комментарий