• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткен облусунда калктын жетиштүү тамактануусуна багытталган атайын долбоор ишке ашууда

Аймак 0

Бишкек, 30.03.21. /Кабар/. КР өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрлан Сапарбаев ЮСАИД уюмунун «Мыкты азыктануу» долбоорунун, Кыргызстандагы директору Назгүл Абазбекова баштаган өкүлдөрү менен жолугушту.

Маалыматка ылайык, жолугушууда «Мыкты азыктануу» долбоорунун артыкчылыктарын талкууланып, саламаттыгы чың, акыл-эстүү муундун өсүп чоңоюшу, жетиштүү, туура жана толук баалуу тамактануу менен байланыштуу экенин белгиленип, бул багытта комплексттүү иш-чараларды жүзөгө ашыруу макулдашылды.

Тараптар Баткен облусунда калктын, өзгөчө жаш балдардын жана энелердин жетиштүү тамактануусу боюнча планын ийгиликтүү ишке ашыруу, жумушчу топ түзүү менен, бул багытта ишти илгерилетүүнү сүйлөштү.

Белгилей кетсек, адистер Кыргызстанда 10 баланын бири гана жетиштүү тамактанарын белгилешет. Ошондой эле жетишсиз жана туура эмес тамактануу, өлкөнүн социалдык абалына жана өнүгүүсүнө таасирин тийгизүүсү толук мүмкүн экендиги боюнча коңгуроо кагып келишет.

Мындан улам, жаш балдардын жана энелердин жетиштүү тамактануусу үчүн, “Мыкты азыктануу” долбоорун ишке ашыруу, учур талабы дейт жетекчилер.

ЮСАИД менен Баткен облусунун жетекчилиги, облустун социалдык-экономикалык өнүгүү программасын иштеп чыгууда, аталган уюм тарабынан эксперттик колдоо көрсөтүүнү да макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий