• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында жылдын мыктылары сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 14.02.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 2023-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегия өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйында шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымдары, жетишкен ийгиликтери үчүн ар тармактын бир катар кызматкерлери сыйланды.

“Жылдын мыктылары” деп табылган номинациялардын ээлерине Жалал-Абад шаардык мэриясынын жана Жалал-Абад шаардык кеңешинин эстелик дипломдору тапшырылды.

Ошондой эле үзүрлүү эмгектенген бир катар кызматкерлерге жана шаардык кеңештин депутаттарына президенттин Жалал-Абад облусүндагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамоталары да тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий