• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө эс алуу учурунда жоголгон балдар аман-эсен табылды

Аймак 0

Бишкек, 09.08.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө эс алуу учурунда жоголгон балдар аман-эсен табылып, жакындарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "Кыргызское взморье" эс алуучу жайда жоголгон 5 жаштагы кыздын ата-энеси милиция кызматкерлерине жардам сурап кайрылышкан.

Ошол замат ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 2 кызматкери эс алуу жайынын айланасынан издешип, кечки саат 21:15 чамасында кызды таап, аман-эсен ата-энесине ѳткѳрүп беришкен.

Ушундай эле кѳрүнүш "Голубой Ысык-Кѳл" эс алуу жайында да орун алган. Анда 10 жаштагы эгиз кыздар жоголуп кеткендиги тууралуу маалымат түшүп, полктун 1-батальонунун 4 кызматкерлери издѳѳ иштерин жүргүзүп, табылган эгиз кыздарды туугандарына ѳткѳрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий