• 88.68
  • 95
  • 0.95

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11,1 млрд кубметрди түздү

Аймак 0

Бишкек, 24.08.23. /Кабар/. "Электр станциялары" ААК Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли боюнча маалымат берди.

Компаниянын маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы 23-августка карата суу сактагычтагы суунун көлөму 11 млрд 189,2 млн кубметрди түзөт.

Учурда суунун агып кириши секундасына 420 кубметр, ал эми агып чыгы 370 кубметрди түзөт.

2022-жылы 24-августта аталган суу сактагычта суунун көлөмү 13 млрд 187 млн кубметрди түзгөн.

Эскерте кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров 2026-жылы 31-декабрга чейин КР энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий