• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ат-Башыда 15 млн сомго "Шамбет" каналын реконструкциялоо иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 16.08.23. /Кабар/. Ат-Башы районунда "Шамбет" каналын реконструкциялоого 15 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда долбоордук-сметалык документтер аяктап, каналдын алгачкы жер жумуштары жасалып жатат.

"Каналды ашар жолу менен куруу пландаштырылууда. Курулуштун сапатын көзөмөлдөө, тендердик ишин жүргүзүү, каржылоо Ат-Башы райондук суу чарба башкармалыгына милдеттендирилген, ал эми жумушчу күчү Кара-Суу айылынын дыйкандарына бекитилген. Курулушка 40 ашуун жумушчу тартылып, бүгүнкү күндө иштер кызуу жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, "Шамбет" каналы мурун Кара-Суу айылынын 875 га жер аянтын сугарууга пландаштырылса, реконструкциялоодон кийин Кара-Суу жана Кара-Булуң айылдарынын сугат жерлерин камтып, сугат аянты 330 га аянтка кеңейтилүүдө. Ошентип, жалпы 1205 га жер аянты суу менен камсыз болот.

Пикир

Оставить комментарий