• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Жалал-Абад облусунун аймагында коомдук-саясий абал туруктуу

Аймак 0

Бишкек, 26.10.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында коомдук-саясий абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда Жалал-Абад облустук ички иштер органдарынын кызматкерлери башка укук коргоо органдары менен биргеликте кылмыштардын жана ар кандай укук бузуулардын алдын алуу, болтурбоо жана катталган кылмыштардын бетин ачуу боюнча күнүмдүк тартипте тиешелүү жумуштарды аткарып жатышат.

Өткөн сутка ичинде облус боюнча 2020-жылдын 26-октябрына карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине жалпы 20 кылмыш окуялар жана жоруктар каттоого алынган. Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле, облустук милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ыктыярдуу элдик кошуундар менен биргеликте коомдук тартипти камсыздоо боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүшүүдө.

Учурда облус аймагында коомдук -саясий абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий