• 88.68
  • 95
  • 0.95

Таласта жыл аягына чейин 8 мектептин курулушу бүткөрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 21.08.23. /Кабар/. Таласта курулуп жаткан мектептердин сегизи жыл аягына чейин бүткөрүлөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Келечек үмүтү болгон балдарыбыз үчүн Таласта курулуп жаткан мектептердин экөөсү сентябрь айында даяр болот. Ал эми планга ылайык дагы 6 мектеп 2023-жылдын аягына чейин толук бүткөрүлөт.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен республика боюнча жаңы, заманбап жана ыңгайлуу 100 мектеп жыл аягына чейин курулуп, толук бүткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий