• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

УКМК №53 түзөтүү мекемесинин жетекчисинин орун басарын кармады – видео

Укук тартиби 0


Бишкек, 24.08.23. /Кабар/. Юстиция министрлигине караштуу №53 Жазаларды аткаруу мекемесинин жетекчисинин ыкчам иштер боюнча орун басары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-августта УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча Башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, арыз ээсине 25 миң сом акча каражатын кайтарып берүү учурунда Юстиция министрлигине караштуу №53 ЖАМ мекемесинин ыкчам бөлүмүнүн башчысы "И.А.С." кармалган.

Аныкталды: 2023-жылдын июнь айында аталган мекеменин кызматкери И.А.С. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу жазаларды аткаруу мекемесине кызматка орноштуруу үчүн З.Д.З аттуу жарандан 40 миң сом сураган жана алдын ала төлөм түрүндө 25 миң сом алган. Бирок, убакыт өткөндөн кийин И.А.С. иш менен камсыз кылуу, ошондой эле мурда алынган каражаттарды кайтарып берүү маселесин талкуулоо аракетин ар кандай жолдор менен жокко чыгарып, арыз ээси З.Д.З. менен байланышты токтоткон.

Учурда кармалган кызматкер УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий