• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарында 13 үй-бүлөгө бизнес баштоо үчүн сертификаттар тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 06.04.24. /Кабар/. Ош шаарында13 үй-бүлөгө чакан ишкердигин баштоо үчүн товарларды жана жабдууларды сатып алууга сертификаттар тапшырылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Белгилей кетсек, үй-бүлөлөр гендердик стереотиптерди жана басмырлоону жоюуга, зомбулукту азайтууга багытталган "Татыктуу жашоо" долбооруна катышкан.

Аталган долбоор Ош шаарынын мэриясы менен "ДИА" коомдук фонду, "Alert International" уюму жана "Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду менен биргеликте Улуу Британия өкмөтүнүн колдоосунда ишке ашырылууда.

Долбоордун катышуучулары өздөрүнүн социалдык укуктарын коргоо жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча тренингдерге катышкандан кийин чакан ишкердигин жүргүзүү, грант алууга бизнес-пландарды иштеп чыгышкан.

Пикир

Оставить комментарий