• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сузак жана Базар-Коргондо адам укугу темасында лекциялар өтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. Сузак жана Базар-Коргон райондорунда адам укуктары, трансулуттук коркунучтар жана үй-бүлөлүк зомбулуктардын алдын алууга багытталган семинарлар болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага ИИМдин республикалык окуу борборунун кылмыш укугу жана процесси циклинин башчысы, милициянын подполковниги Каныбек Куватпеков, Жалал-Абад ОИИБдин жана ички иштер органдарынын райондук бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ата-энелер, мектеп окуучулары катышты.

Семинардын жүрүшүндө окуучулардын милдеттери жана жоопкерчилиги тууралуу талкуулар орун алды. Ата-энелердин кызыктырган суроолоруна жооптор берилип, жаш өспүрүмдөрдү ар дайым көзөмөлгө алуу зарылдыгы жеткирилди. Ошондой эле диний экстремизмдин алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жыйындын соңунда катышуучуларга балдардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги камтылган атайын китепчелер берилди.

Пикир

Оставить комментарий