• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду "Коопсуз шаар" долбооруна 20 млн сом бөлдү

Аймак 0

Бишкек, 19.02.24. /Кабар/. Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду тарабынан "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга 20 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда облустук Барпы театрында өткөн “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аталышындагы форумда айтылды.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иш-чарага Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев, ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, Генералдар кеңешинин төрагасы Садырбек Дубанаев, облустагы ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Форумдун негизги максаты Жалал-Абад облусунун аймагында укук бузуулардын алдын алуу, жарандардын корголуу деңгээлин жогорулатуу, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүү, укук бузууларды жасоого өбөлгө болуучу себептерди жана шарттарды аныктоо, четтетүү болуп саналат.

Форумдун алдында облус аймагындагы милициянын көчмө кабылдама унааларынын ишмердүүлүгү боюнча катышуучуларга маалымат берилди.

Ыйгарым укуктуу өкүл жарандарынын коопсуздугун сактоо, жаш өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугун алдын алуу, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарды болтурбоого өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. Ага катар тармактын кызматкерлерине керектүү шарттар жаратылып, техникалар менен камсыздалып жатканын кошумчалады.

Өкүл 2024-жылы "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу багытында Жалал-Абад облустук өнүктурүү фонду тарабынан 20 млн сом акча каражаты бөлүнгөнүн, жергиликтүү бийликтер тарабынан да бир катар колдоолор көрсөтүлүп жатканын айтты. Ошол эле учурда милиция кызматкерлери менен жергиликтүү бийлик жетекчилерине коомдук абалды көзөмөлдөө жаатында тыгыз иш алып барууну эскертти.

Пикир

Оставить комментарий