• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Молдогазиев Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 19.02.24. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Түрк маданияты жана мурасы фондунун жаңы дайындалган президенти Актоты Раимкулова менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, тараптар Кыргызстандын Түрк маданияты жана мурасы фондунун алкагында кызматташуу маселелерин, фонддун 2024-2025-жылдарга иш планын, ошондой эле жакынкы жылдарда ишке ашырууга пландаштырылган долбоорлорду кеңири талкуулашты.

Атап айтканда, Айбек Молдогазиев Бишкектеги Алыкул Осмоновдун үй-музейин реконструкциялоо, кыргыздын улуттук оюндарын (көк-бөрү жана кыргыз күрөшүн) Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын этноспорттук иш-чараларынын программасына киргизүү, ошондой эле Фонддун 2024-жылы Кыргызстанда өткөрүлүшү пландалган Түрк мамлекеттер уюмунун кезектеги саммитине катышуусу боюнча токтолду.

Актоты Раимкулова, өз кезегинде, кыргыз тарапка фонддун ишмердүүлүгүнө туруктуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, учурдагы иштер, алдыдагы пландар тууралуу айтып, ошондой эле фонд жогоруда айтылган маселелерди алдыга жылдырууга даяр экенин ырастады.

Жолугушуунун соңунда тараптар түрк дүйнөсүнүн маданий мурастарын сактоо жана коргоо боюнча мындан аркы биргелешкен иштерге өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий