• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жакынкы күндөрү өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлүп, үшүк жүрүшү мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 1-4-октябрларында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 1-октябрда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 2-3 октябрда күндүз кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт, абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: Чүй өрөөнүндө 5…10°, Талас өрөөнүндө 4…9°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 9…14°, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 4…9° жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

3-5-октябрларда түнкүсүн Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2°, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча-жемиштерге, казылып алынып, жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Пикир

Оставить комментарий