• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Энергетика министрлиги авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алууда

Коом 0

Бишкек, 10.09.21. /Кабар/. КР Энергетика жана өнөр жай министрлиги авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алууда. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Энергетика жана өнөр жай министрлиги Токтогул ГЭСтер каскадында, Камбар-Ата-2 ГЭСинде жана Таш-Көмүр ГЭСтер каскадында авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алуу иштери жана өчүрүүлөргө анализ жүргүзүлүүдө.

Бул иштерди жеринен Энергетика, тоо-кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекция «Электр станциялар» ААКтын өкүлдөрү менен биргеликте аткарууда.

Белгилей кетсек, КР Энергетика жана өнөр жай министрлигинин «2021-2022-жылытуу мезгилине отун-энергетикалык комплексиндеги ишканалардын даярдыгы жөнүндө" штабынын жыйынынында авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алуу боюнча тапшырма берилген.

Жеринде иш жүргүзүп жаткан топ алдыдагы күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү үчүн энергетикалык жабдууларды өз убагында даярдоону өзгөчө көзөмөлгө алууда.

Пикир

Оставить комментарий