• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 21 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 10.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 21 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 32 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 6, Ош шаарында 2, Чүй облусунда 6, Ош облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Нарын облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Свердлов районунда турак үйдүн 50 чарчы метр бөлмөсү толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Жайыл районундагы Алтын айылында жалпы аянты 80 чарчы метр болгон бастырма жана 250 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий