• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө абакта жаткан 19 жаштагы бала асынып алды

Кырсык 0

Бишкек, 31.03.21. /Кабар/. Тоң районунун Ички иштер органынын убактылуу кармоо жайында зордуктоо боюнча кылмыш ишинин катышуучусу 19 жаштагы бала асынып алган. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, 29-мартта айыпталуучу асынып алган. Нөөмөттөгү милиция кызматкерлери баланы асынып калган жеринен табышып, сыйрытмактан чыгарып, медициналык биринчи жардам көрсөтүшкөн. Андан кийин тез жардам чакыртылып, абак жайга келишкен дарыгерлер анын каза болгонун билдиришкен.

Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ошондой эле нөөмөттөгү кызматкерлерге карата кызматтык иликтөө дайындалган.

Белгиленгендей, каза болгон адам КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси (зордуктоо) боюнча шектелип жаткан. Ал 36 жаштагы аялды зордуктоо фактысы боюнча кармалып, 2 айга камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий