• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолунда кар күрткүдө калган 21 жаран куткарылды

Кырсык 0

Бишкек, 17.02.24. /Кабар/. Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка автоунаа жолунда калып калгандар куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чаткал районунун Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка автоунаа жолунун болжол менен 79-80 чакырым аралыгында кар күрткү пайда болуп, "Mercedes Benz Sprinter" үлгүсүндөгү 2 унаа (болжол менен 20 жүргүнчүсү менен) жана 1 жеңил унаа жолдо калып калгандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Жалпы 21 жаран үчүн ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынынын "Чапчыма" кар көчкү станциясында 2 бөлмө даярдалып, тамак-аш менен камсыздалып, жайгаштырылган. Абалдары туруктуу. Учурда станцияда 9 жаран түнөп калышты. Калган 12 жаран жолун улантышкан.

Ал эми унаа жолго кар көчкү түшүү кооптуулугу болгондугуна байланыштуу Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башччысынын буйругу менен 16-февраль саат 09:30дан тартып аба ырайы турукташканга чейин жол каттамы толук жабылган.

34-101-чакырымдарында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан атайын посттор уюштурулган.

Жолду тазалоо иши аба ырайы турукташкандан кийин №27 Жол тейлөө ишканасы тарабынан улантылат.

Пикир

Оставить комментарий