• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Энергетика министри баштаган КР делегациясы иш сапары менен Тажикстанга барды

Коом 0

Бишкек, 17.02.24. /Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев баштаган Кыргызстандын делегациясы иш сапары менен Тажикстанга барды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, делегациянын иш сапары Кыргызстан менен Тажикстан Республикасынын өлкө башчыларынын буга чейинки сүйлөшүүсүнөн кийин президенттин Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен уюштулду.

Кыргызстандан барган энергетиктердин иш сапарынын негизги максаты эки өлкөнүн энергетика тармагындагы мамилесин тереңдетүү жана чек ара мамилеси чечилгенден кийин буга чейин башталып, бирок толук аткарылбай кылган жумуштарды ишке ашыруу боюнча алдын-ала сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү болду.

3 күнгө пландаштырылган иш сапардын алгачкы күнү КР энергетика министри Таалайбек Ибраев менен Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министри Далер Джуманын жолугушуусу болду.

Тараптардын жолугушуусунда учурдагы энергетика тармагындаргы кырдаал, тармакты өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор, КА-1 ГЭС, курулуп жаткан ЧГЭСтер, жашыл энергетика, ЖЭБ, көмүр, CASA-1000 долбоору, чек аранын аймагында жашаган тургундардын электр энергиясына болгон көйгөйүн чечүү боюнча талкуу болду.

Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министри Далер Джума өз сөзүндө кыргызстандык кесиптештерине ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн энергетика тармагындагы кызматташтыгы мурдатан болуп келгендигин, Кыргызстанда Энергиянын кайра жаралуучу булактарына өзгөчө көнүл бурулуп жаткандыгы, ЧГЭСтердин курулуп жаткандыгы тууралуу кабардар экенин билдирип, чоң жетишкендик катары баалады. Ошондой эле ал CASA-1000ди символикалык долбоор белгилеп, эгер чек ара маселеси чечилсе токтоп калган жумуштарды ишке ашырып, кызматташууга даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары, министр баштаган кыргызстандык энергетиктер Тажикстандын диспетчердик борборуна барышып, керектөөлөрдүн, электр энергиясын өндүрүүнүн санын, чыңалуунун сапатын көрөсөтүп турган турган, энергосистеманы көзөмөлдөгөн борбор тууралуу жеринде маалымат алышты.

Андан кийин электр энергиянын керектөөсүн автоматташтыруу борборунун иши менен таанышып, эки тараптын бири-бирине болгон суроо жоопторунан тажрыйба алмашуу болду. Мында тажикстандык энергетиктер бул долбоор жүргүзүлгөн реформанын алкагында ишке ашырылганын жана бул система аркылуу көмөк чордондордун, аба чубалгылардын, обьектилердин кандай абалда иштеп жатканын онлайн форматта көрүүгө жана иштин жеңилдешине шарт түзүлгөнүн билдирди.

Иш сапардан алкагында министр Т.Ибраев баштаган кыргызстандык энергетиктер "Душенби ЖЭБ-2ге” барып, ЖЭБтин ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты. ЖЭБти куруудагы тандалып алынган жабдуулар, колдонулган көмүр жана анын каллориясы, ЖЭБдин кубаттуулу, ж.б маселелер тууралуу бир катар эки тараптуу суроолор берилип жооптор алынып, тажрыйба алмашуу болду.

Министр Ибраев иш сапардын алгачкы күнүндөгү тажрыйба алмашуу багытындагы жолугушууда маанилүү маселелер талкуулангандыгын баса белгиледи. ЖЭБ, ГЭС куруу, энергетика тармагын санариптештирүү боюнча бүгүнкү алган тажрыйба алмашуу биздин алдыдагы аткара турган плардарыбызды ишке ашырууда чон роль ойнойт дейт.

Эске салсак, кыргыз энергетиктери иш сапардын эки күнүндө Тажикстандагы курулуп жаткан ири ГЭСтерге барып, жеринде талкуу жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий