• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун кеңсеси ачылат

Президент 0

Бишкек, 16.02.24./Кабар/. Президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 27-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун ортосундагы Кыргыз Республикасында Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун Борбордук Азия жана Азия үчүн региондук гуманитардык кеңсени түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 24-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам 2023-жылдын 27-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун ортосундагы Кыргыз Республикасында Борбордук Азия жана Азия үчүн Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун региондук гуманитардык кеңсесин түзүү жөнүндө макулдашууну күчүнө киргизүү боюнча ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында кабыл алынган.

Макулдашууга ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык жарандык коргонуу уюмунун Борбордук Азия жана Азия региондорундагы өлкөлөрдүн калкын жана мүлкүн коргоо маселелерин тейлеген региондук гуманитардык кеңсеси ачылат.

Макулдашууда Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун региондук гуманитардык кеңсесин Кыргыз Республикасында Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун өкүлчүлүгү катары түзүүгө жана анын уюштуруу документтерине жана эл аралык гуманитардык укуктун принциптерине ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында уруксат берилген чектерде материалдык, техникалык жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча анын миссиясын аткаруу үчүн зарыл болгон ишти жүзөгө ашырууга тиешелүү шарттар каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий