• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 16.02.24./Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 27-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2023-жылдын 18-январындагы чечимин аткаруунун алкагында иштелип чыккан.

Конституциялык сот өзүнүн 2023-жылдын 18-январындагы чечиминде сот ишке катышуучу жактардын арызы боюнча же өз демилгеси менен ишти чечүүдө колдонулган же колдонууга тийиш мыйзамдын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө суроо-талапты өз кароосуна кабыл алгандыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун кабардамасы алынган учурда иш боюнча өндүрүштү токтотуп тура алат деп белгилеген. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 216-беренесинин 7-пунктунун ченемдик жобосун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-берененин 1, 2-бөлүктөрүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө, 95-беренесинин 1-бөлүгүнө, 97-беренесинин 3-бөлүгүнө жана 102-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп тааныган.

Ушуга байланыштуу кабыл алынган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 215 жана 216-беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган, ага ылайык сот ишке катышуучу жактардын арызы боюнча же өз демилгеси менен иш боюнча өндүрүштү ишти чечүүдө колдонулган же колдонулууга тийиш болгон мыйзамдын жана/же башка ченемдик укуктук актынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылууну (сунуштаманы, өтүнүчтү, суроо-талапты) өзүнүн кароосуна кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун актысын алган учурда токтотуп тура алат.

Ошондой эле кабыл алынган Мыйзамда Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 217-беренесинин 5-пунктун жаңы редакцияда баяндоо каралган, ага ылайык иш боюнча өндүрүш аталган Кодекстин 215-беренесинин 6-пунктунда каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту кайрылууну (сунуштаманы, өтүнүчтү, суроо-талапты) караганга чейин токтотуп турулат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий