• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто өлкөнүн Көз карандысыздык майрамына жана Насирдин Исановдун 80 жылдыгына карата гала-концерт өттү

Президент 0

Бишкек, 01.08.23./Кабар/. 31-августта президент Садыр Жапаров Ош шаарынын башкы аянтында Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө жана Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Насирдин Исановдун 80 жылдыгына арналган гала-концертке катышты.

Иш-чара дрондордун шоусу, ошондой эле майрамга арналган театралдаштырылган пролог менен башталды.

Өз сөзүндө мамлекет башчысы кыргызстандыктарды өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы жана көрүнүктүү ишмер Насирдин Исановдун туулган күнүнүн мааракеси менен куттуктады.

Президент Садыр Жапаров көз карандысыздык тууралуу айтып жатып, кандай ийгиликтерге жетишкенин, тоскоолдуктар кантип жеңгенин, өлкөнүн келечеги кандай курулуп жатканын ар дайым эстеп туруу маанилүү экенин белгиледи.

Андан соң кеченин коноктору үчүн маданият ишмерлеринин жана ата мекендик эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий