• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Кабар": Мыйзам алдында баары бирдей же Атамбаевдин аракеттери мыйзамдуубу?

Президент 0

Ушул жылдын июнь айынын аягында Жогорку Кеңештин 103 депутаты Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамынын алынышы боюнча добуш беришти. Муну менен анын кол тийбестиги алынды. Экс макамын алуу парламенттин процедураларынын алкагында өтүп, ал үчүн жалпы депутаттардын үчтөн экисинин, башкача айтканда 80 депутаттын макулдугу керек болгон. Отурумда отурган 110 депутаттын ичинен кол тийбестикти алууга 103 депутат добуш берсе, калганы добуш берген эмес же каршы болушкан. Атамбаевдин кол тийбестигин алуунун алдында 13-июнда түзүлгөн атайын депутаттык комиссия иштеген. Комиссия мурдагы президентке карата айтылган айыптардын негиздүүлүгүн карап, өз корутундусун чыгарып бериши керек болгон. Кийинчерээк башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, депутаттык комиссия көрсөткөн алты айыптын ичинен беш ишке Атамбаевдин катыштыгы болушу мүмкүн экендигин билдирген.

Атамбаев ИИМдин тергөө кызматынан үч ирет суракка чакыруу алып, бирок суракка барган эмес. Анын жактоочусу Сергей Слесарев Атамбаевдин кол тийбестиги бар экенин жана "КР президентинин ишмердигинин кепилдиги тууралуу" мыйзамына ылайык кылмыш иштери боюнча кайсы бир сурактардан иммунитети бар экенин, мындан улам суракка баруусу милдеттүү эместигин билдирген. Атамбаевдин суракка келбей жатканынын себебин билүү үчүн мурдагы президент жашаган үйгө келген ИИМ башчысынын орун басары Мирлан Каниметов үйгө кире албай койгон.

Кийинчерээк КСДПнын өкүлү билдирүү таратып, Слесаревдин сөзүн келтирген: "2019-жылдын 30-июлунда ИИМдин тергөө кызматынын кызмат адамдарды менен өкүлүбүздүн жолугушуусу болуп, анда мурдагы президент суроолорго жооп бере турганы, тергөө купуясын эске алуу менен, көпчүлүккө жарыя кылбай ИИМге жоопторду берип жибере турганы айтылган. 2019-жылдын 31-июлунда ИИМдин тергөө тобунун башчысы ал сунуштан баш тарткан".

Мурдагы президенттин ИИМге келүүдөн баш тартканынан кийин коомчулукта, мындан мурда мыйзам алдында баары бирдей болушу керек деп айткан Атамбаев эмнеге өлкөнүн мыйзамдарын бузуп жатат деген суроо жаралган.

Өлкөдөгү юристтер менен саясатчылардын пикири боюнча, мурдагы президенттин Кыргызстандын мыйзамдарына моюн сунбай жаткан көрүнүш созулуп кетти.

Саясий серепчи Эдил Осмонбетовдун айтымында, дүйнөлүк практикада кол тийбестер жок жана баары мыйзамга баш ийиши керек. Укуктуу мамлекет куруу үчүн мурдагы мамлекет башчылар да, катардагы жарандар да мыйзамдарды сакташы зарыл.

Ал белгилегендей, жаран ар кыл себептер менен Жогорку Кеңештин отурумуна жана ИИМге суракка келбеген учурда, ал нерсе Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негизине доо кетирип, Кыргызстандын жарандарынын укук көз карашын бузат. Саясат талдоочунун айтымында, анын себеби, мурдагы президенттер баардык жагынан үлгүлүү болушу керек.

"Айрыкча мыйзам сактоодо, жол эрежесин сактоодон баштап башкада да алдыда турушу керек. Ошондо гана өлкөнүн баардык жарандары, өзгөчө жаш муун үчүн жакшы үлгүнү көрө алабыз", - дейт ал.

Анын пикири боюнча, мурдагы президенттердин мыйзамды сактабаганы жакшы көрүнүш эмес.

"Бул жагынан ал жаштар үчүн жаман үлгү. АКШны жана башка Батыш өлкөлөрүн карасак, мурдагы президенттер мыйзамды сактаганы көрүнөт. Эң башкысы алар, мурунку жылдары кабыл алынган мыйзамдарга күмөн келтирбей, аларга комментарий бербейт. Менимче, бул учурда үлгү көрсөтүү өтө маанилүү", - деди ал.

"Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакыпованын ою боюнча, маселенин баары экс-президенттин макамы тууралуу кабыл алынган мыйзамдын өзүндө болууда. Себеби, ал мыйзам укуктун нормаларына жана логикасына каршы келет.

"Укуктун принциби – жазадан качуу болбостугу, баарынын мыйзам алдында бирдей болушунда. Ошондуктан, башында бирөөнүн пайдасы үчүн кабыл алынган ушундай нормалардын укуктук туундусу (натыйжасы) келип чыгат. Экс-президенттин абсолюттук кол тийбестигин киргизген мыйзам ченемдери башынан эле укуктун теориясына жана логикага туура келбейт. Адам абсолюттук кол тийбестикке ээ боло албайт", - дейт Жакыпова.

"Алмаз Шаршенович өзү бир нече ирет мыйзам бузган. Мындан улам, азыр ал мыйзамга баш ийбей жатканына таң калбай элемин. Маселенин баары, иш жүзүндө карама-каршы келген мыйзамдар жаман, терс саясий жыйынтыктарга алып келишинде болууда", - деди ал.

Анын айтымында, учурдагы кырдаалдан чыгуунун жолу жөнөкөй – тараптардын бири кайрат табып, алдыга кадам жасашы зарыл. Болбосо азыркы жагдай көпкө созулушу мүмкүн.

"Ал акыр-аягы эрктүүлүк кылып, мыйзамдардын талабына баш ийип жана укук коргоо органдарына коркпой бара турган Атамбаев болобу, кайсы тарап экени маанилүү эмес. Ал өзү ушул системаны түзүп, дайыма биз укуктук мамлекетте жашап жатабыз деп айтчу. Бул укуктук кырдаалды өзү түзгөн. Ал соттук реформаны мыкты жүргүзгөнүн, соттук системаны коррупционер менен уурулардан тазалаганын айтчу. Эми барып, баш ийсин, эмнеден коркот? Аны азырынча күбө катары чакырып жатышпайбы. Болбосо эрктүүлүк кылып: "Жаманды" (укук коргоо жана соттук системасын) мен жараттым, ошондуктан бул "жамандан" корком. Анткени, убагында аларды өз ыгыма келтирип, алардын кандай иштей турганын билем" деши керек. Болбосо, экинчи тарап эрктүүлүк кылып, кийинки аракетке барышы керек",- дейт Жакыпова.

"Кабар"

Пикир

Оставить комментарий