• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Оштогу "Урюк" кафесинде өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 07.12.20. /Кабар/. Акыркы сутканын ичинде республиканын аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында - 3, Ош шаарында - 1, Ош облусунда - 1, Чүй облусунда - 1, Нарын облусунда - 2, Жалал-Абад облусунда - 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкектеги Шиш-Төбө көчөсүндө турак үйдүн короосунда “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле Жумабек көчөсүндө “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү жүргүнчү ташуучу унаа толугу менен күйүп кеткен.

Андан сырткары, Партизан көчөсүндө жалпы аянты 65 чарчы метр болгон мончо толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби жылытуучу мештин жана мордун туура эмес түзүлүшү.

Ош шаарынын Гапар Айтиев көчөсүндөгү “Урюк” кафесинин 180 чарчы метр эки бөлмөсү жана тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби учурда такталууда.

Пикир

Оставить комментарий