• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Талас облусунда токой өрттөндү

Кырсык 0

Бишкек, 26.03.24. /Кабар/. Талас облусунун Манас районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагында токойдон өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тилсиз жоону өчүрүүгө Талас облустук башкармалыгынын ыкчам тобу, жалпы 3 күжүрмөн эсеп тартылган.

Өрт саат 23:43тө чектөөгө алынып, 00:40та толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жана жаракат алгандар жок.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 25-30 гектарды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий