• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Данияр Амангелдиев Доха шаарында БУУнун конференциясына катышууда

Коом 0

Бишкек, 07.03.23. /Кабар/. КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев үстүбүздөгү жылы 5-7-март аралыгында Доха шаарында өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун жаңыдан өнүгүп жаткан өлкөлөр боюнча 5-конференциясына катышууда.

Экономика министрлигинен билдиришкендей, конференциянын максаты - жаңыдан өнүгүп жаткан өлкөлөр жана алардын өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрү тарабынан Иш-аракеттер программасын ишке ашырууга комплекстүү баа берүү, мыкты тажрыйбалар жана алынган сабактар менен тең бөлүшүү, туш болгон тоскоолдуктарды жана кыйынчылыктарды, аларды жеңүү үчүн зарыл болгон аракеттерди жана демилгелерди аныктоо.

Ошол эле учурда бул иш-чарада баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча натыйжалуу эл аралык жана ички саясатты, ошондой эле жаңы жана пайда болуп жаткан чакырыктарды, аларды чечүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жана каражаттарын аныктоо боюнча дебаттар өтөт.

Конференциянын алкагында параллелдүү он пленардык сессия, анын ичинде ачылыш жана жабылуу сессиялары өткөрүлөт. Жалпы дискуссияда мамлекет жана өкмет башчылары, делегациялардын башка башчылары чыгып сүйлөшөт.

Министр Амангелдиев жалпы дебаттык жана жогорку деңгээлдеги тематикалык 4-тегерек столдо “Эл аралык соодага жана регионалдык интеграцияга жаңыдан өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн катышуусун кеңейтүү” деген темада баяндама жасады.

Жаңыдан өнүгүп жаткан өлкөлөр конференциясынын пленардык жана тегерек столдорундагы талкуулардан тышкары, “Жаңыдан өнүгүп жаткан өлкөлөр категориясынын 50 жылдыгын белгилөө”, “Жеке сектордун форуму”, “Жарандык коом”, конференцияга чейинки иш-чаралар, анын ичинде жаңыдан өнүгүп жаткан өлкөлөр тобунун саммити, парламенттик форум, жаштар форуму жана жарандык коом форуму өткүрүлмөкчү.

Ошондой эле Амангелдиев 2023-жылдын 5-11-мартка чейин Доха шаарында өтүп жаткан Сух Вахиф курма жана бал көргөзмөсүнүн ачылышына катышты. Ал Сух Вахиф комплексинин директору Халид Сувейди коштоосунда көргөзмөгө экскурсия жасады.

Экскурсиянын жүрүшүндө бал коюлган кыргыз павильондорунда балчылык бизнесинин өкүлдөрү менен иштиктүү баарлашуулар болду.

Пикир

Оставить комментарий