• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

20-январга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 19.01.19. /Кабар/. Эртең, 20-январда өлкөнүн айрым райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Чүй облусунда абанын температурасы түнкүсүн -4...+1, күндүз 1...6, ал эми Таласта түнкүсүн 0...-5, күндүз 1...6, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...5 градус болот.

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында болсо түнкүсүн -4...+1, күндүз 4...9, Нарында түнкүсүн -15...-20, күндүз -10...-15 градус болот.

Эртең Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз 4…6 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий