• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Медведев телефон аркылуу Абылгазиевди туулган күнү менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 20.01.19. /Кабар/. Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев бүгүн, 20-январда, телефондук сүйлөшүүдө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Россиялык Өкмөт башчысы Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Эки өлкөнүн Өкмөт башчылары ошондой эле кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана мындан аркы өз ара аракеттешүүнүн көп багыттуу келечегин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий