• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Кувейт өкмөттөр аралык комиссия түзүү иштерин улантат

Саясат 0

Бишкек, 09.09.22. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Кувейттин тышкы иштер министри Ахмад Аль Сабах менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптардын жолугушуусу "Булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши + Борбордук Азия" стратегиялык диалогунун алкагында өттү.

Тараптар Жээнбек Кулубаевдин ушул жылдын июнь айында Бахрейнге болгон расмий сапарынын жыйынтыгын канааттануу менен белгилешти жана жетишилген макулдашууларды иш жүзүнө ашырууну улантууга макулдашты.

Эки өлкөнүн ортосундагы экономика, инвестиция, каржы жана туризм чөйрөсүндөгү келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар биргелешкен өкмөттөр аралык комиссия жана бизнес кеңешин түзүү боюнча ишти улантууга макулдашты.

Кулубаев кыргыз тарап үстүбүздөгү жылы КРнын президентинин Бахрейнге расмий сапарын уюштурууга даярдык көрүп жатканын билдирди.

Ахмад Аль Сабах Бахрейндин жетекчилигинин атынан бул сапарды кубаттады.

Мындан тышкары, Кулубаев Бахрейн тарапты 2022-жылдын 19-сентябрында БУУнун башкы ассамблеясынын алкагында тоолуу өлкөлөргө арналган иш-чараларга катышууга чакырды.

Алдыда боло турган иш-чараларга сапаттуу даярдануу үчүн Кулубаев ишти айкалыштыруу менен Кыргызстандын Бахрейндеги элчиси Улукбек Мариповдун тез арада аккредитацияланышын күтөрүн билдирип, ага Ахмад Аль Сабах жооп жакын арада берилерине ишендирди.

Жолугушуунун соңунда Кулубаев бахрейндик кесиптешин Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырып, Ахмад Аль Сабах жакын арада барууга даяр экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий