• 88.68
  • 95
  • 0.95

Көлмө конушунун Мыскал көчөсүнө асфальт төшөлүүдө

Коом 0

Бишкек, 28.04.23. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Көлмө конушунун Мыскал көчөсүнө асфальт төшөлүүдө

Муниципалитеттен билдиришкендей, Мыскал көчөсүнүн Мидин көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки аралыгында курулуш иштери жанданды.

"Асфальт төшөө иштери эки күндүн ичинде аяктайт. Андан соң, жөө адамдар өтүүчү тротуарды жана көпүрөнү куруу иштерин улантылат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Мыскал көчөсүн бойлой Мидин көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки жолдун жалпы узундугу 1600 погондук метрди түзүп, жол тротуарлар жана ирригация тутумдары менен эки тарабынан камсыздалган.

Пикир

Оставить комментарий