• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ак-Сай жана Көк-Таш айылдарынан көчүрүлгөндөрдүн жарымынан көбүн туугандары алып кетишти

Коом 0

Бишкек, 04.05.21. /Кабар/. Баткендин шаардык мектебинде Баткен облусунун Ак-Сай жана Көк-Таш айылдарынан эвакуацияланган 650 тургун жайгаштырылды. Эвакуациядан кийин алардын жарымынан көбүн туугандары үйлөрүнө алып кетишти. Бул тууралуу Баткен шаарынын вице-мэри Гүлсүн Рыскулова билдирди.

“Ак-Сай жана Көк-Таш айылдарынан 650 адам Баткен шаарындагы Ленин атындагы мектепке жайгаштырылган. Бирок, алардын жамынан көбүн туугандары алып кетишип, азыр бул жерде 150 адам жашап жатат. Алар негизинен кары-картаңдар, аялдар жана балдар”, - деди ал.

Рыскулова башка райондордогу жабырлануучулар дагы мектеп жана социалдык объектилерде баш калкалашууда деп кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий