• 88.68
  • 95
  • 0.95

Айдоочу көңүл буруңуз! 12-ноябрда Гагарин көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Коом 0

Бишкек, 11.11.23. /Кабар/. Эртең, 12-ноябрда Гагарин көчөсүнүн Асаналиев көчөсүнөн Псковская көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган көчөдө 7:00дөн 23:00гө чейин диаметри 600 мм болгон канализация түтүктөрүн коюу боюнча курулуш-куроо иштери жүргүзүлмөкчү.

Айдоочуларга алдын ала альтернативдүү маршруттарды тандап алуу сунушталат.


Канализациялык коллектордун курулушу 2022-жылдын сентябрында башталган. Коллектордун жалпы узундугу - 11 км. Жаңы канализациялык коллектор Бишкектин түштүк жана батыш аймактарынын тургундарын жаңы агынды сууларды чыгаруу системасына кошууга мүмкүнчүлүк берет.

Канализациялык коллектордун курулушу "Бишкек шаарынын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорунун II фазасынын алкагында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий