• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Видеону интернетке чыгарам деп 20 миң сом талап кылган экс-милиционер кармалды

Коом 0

Бишкек, 30.01.19 /Кабар/. Видеодогу кадрларды интернетке жайгаштырам деп коркутуп 20 миң сом талап кылган милициянын мурунку кызматкери Бишкекте кармалды. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 28-январда күнү Ж.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, "Каныбек" аттуу милиция кызматкерине карата чара көрүп берүүлөрүн суранган. Арызында жабырлануучунун катышуусу бар видеону интернетке жайгаштырам деп коркутуп, 20 миң сом акча талап кылганын билдирген.

29-январь күнү Бишкек шаарынын 7-кичирайонунда жайгашкан №35 үйдүн жанынан талап кылган акчаны алып жаткан жеринен Ы. уулу К. кармалган.

Анын күрмөсүнүн чөнтөгүнөн Майлуу-Суу ШИИБ убактылуу кармоочу жайынын кызматкери, милициянын сержанты Ы. уулу К. аттууга таандык күбөлүк табылган.

Териштирүү учурунда аныкталгандай, аталган кызматкер 2018-жылдын башында терс мотив менен ички иштер органдарынан кетирилгени маалым болгон.

Кармалган адам Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча иш козголгон. Бул иш боюнча тергөө амалдары жана ички иликтөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий