• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жол кырсыгына кабылган экс-министр Малабаевдин абалы жакшырууда – башкы дарыгер

Коом 0

Бишкек, 30.01.19. /Кабар/. Мурдагы транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаевдин саламаттыгы туруктуу. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди.

Анын айтуусунда, Малабаев жандандыруу бөлүмүнөн жөнөкөй бөлмөгө которулган. “Учурда Малабаевдин ден соолугу салыштырмалуу туруктуу. Эгер абалы жакшырса, биз аны кийинки жумада ооруканадан чыгарышыбыз мүмкүн”, - дейт Кубатбеков.

Буга чейин башкы дарыгер, Малабаевдин мээси чайкалып, бир нече кабыргалары сынып, көкүрөгүнөн жарат алгандыгын билдирген болчу.

Эскерте кетсек, Сокулук районунда 27-январда болжол менен саат 18:00дө Белогорка капчыгайында жол кырсыгы катталган. "Тойота Ленд Крузер" үлгүсүндөгү жеңил унаа тоо жакка бара жатып, оодарылып кеткен. Унаанын ичинде 4 жүргүнчү болгон.

Айдоочу жеринде каза болгон, алдын ала маалыматка ылайык, ал рулду башкара албай калган.

Жабыркагандардын арасында мурдагы транспорт министри Аргынбек Малабаев болгон.

Пикир

Оставить комментарий