• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында “Жылдын мыкты мугалими” сынагы өттү

Аймак 0

Бишкек, 28.04.23. /Кабар/. Бүгүн, 28-апрелде Жалал-Абад шаарындагы №13 Р.Азимов атындагы орто мектебинде "Жылдын мыкты мугалими" сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, сынакка 19 мугалим катышып, алардын арасынан баш байгени №13 Р.Азимов атындагы орто мектептин башталгыч классынын мугалими Айнура Асылбекова жеңип алды. Ага ноутбук жана диплом тапшырылды. Эми ал сынактын облустук турунда Жалал-Абад шаарынын намысын коргойт.

Ал эми калган байгелүү орунду камсыздаган жана сынакка катышкан бардык катышуучуларга белектер, номинациялар жана дипломдор тапшырылды.

Шаар мэри Эрнисбек Ормоков “Жылдын мыкты мугалими” сынагында ийгиликке жетишкен мугалимдерди куттуктап, жергиликтүү бийлик билим берүү тармагын ар дайым колдой турганын белгиледи.

Белгилей кетсек, “Жылдын мыкты мугалими” сынагына жергиликтүү бюджеттен 300 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Мындан сырткары, 700 миң сом "Алтын сертификат", "Алтын тамга" алган бүтүрүүчүлөргө, алардын мугалимдерине жана ата-энелерине сыйлык катары берилмекчи.

Эске салсак, 2022-жылы өткөн жылдын мыкты мугалими сынагына шаар бюджетинен бир миллион сом акча каражаты бөлүнүп, баш байгеге автоунаа коюлган болчу.

Пикир

Оставить комментарий