• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чоң-Алай райондук сотунун судьясы өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулду

Коом 0

Бишкек, 19.02.24. /Кабар/. Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп, анда күн тартибиндеги бир катар маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды. Бул тууралуу кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Судьялар кеңеши Ош облусунун Чоң-Алай райондук сотунун судьясы Бектурсун Эралиев судьялык ыйгарым укуктарын токтотуу жана өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө арызын канааттандырды. Тиешелүү чечим КР президентине жөнөтүлдү.

Судьялар кеңешинин чечими менен КР жергиликтүү сотторунун бир катар судьяларына квалификациялык класстарды берүү үчүн КР президентине сунуш киргизилди.

Ар түрдүү маселелердин ичинен КР сот тутумунун кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата жергиликтүү соттордун судьяларын жана сот тутумунун кызматкерлерин Судьялар кеңешинин ведомстволук сыйлыктары менен сыйлоо маселеси каралды.

Пикир

Оставить комментарий