• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ала-Букада 150 орундуу медресе жана мечит курула баштады

Аймак 0

Бишкек, 26.08.21. /Кабар/. Бүгүн, 26-августта Ала-Бука районунун Ала-Бука айылындагы Жаңы шаар тилкесинде үч кабаттан турган 150 орундуу "Ынтымак" балдар медресеси жана мечит курула баштады. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, имараттын пайдубалына капсула салууга президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, облустун казысы Нематулла ажы Жээнбеков, район акими Нурбек Сатаров жана жергиликтүү тургундар катышты.

Мекеменин имаратынын курулушу "Ала-Бука-Чаткал 77 ынтымак коому" тарабынан аткарылып, сметалык баасы 77 миллион сомду түзөт.

Өкүл аталган жайдан коомдун өнүгүүсүнө салым кошкон инсандар тарбиялануусун каалап, демилгечи топко ыраазычылыгын билдирди. Алдыда облустук бийлик тарабынан да материалдык жардам көрсөтүлөөрүн айтты.

Пикир

Оставить комментарий