• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз милициясына 97 жыл. Ноокенде кичи футбол боюнча мелдеш өттү

Аймак 0

Бишкек, 05.11.21. /Кабар/. Кыргыз милициянынын түзүлгөндүгүнүн 97 жылдык мааракесине карата Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин арасында кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, оюнга РИИБдин бөлүм жана кызматтарынан командалар катышып, биринчилик үчүн күч сынашышты.

Жыйынтыгында коомдук коопсуздук кызматынын участкалык инспекторлору 1-орунду багындырышты. 2-орунга тергөөчүлөр татыса, 3-орунду криминалдык милиция кызматы ээледи. Жеңүүчүлөргө Ноокен РИИБдин жетекчилиги тарабынан кубок, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Спорттук таймашты өткөрүүнүн негизги максаты кызматкерлердин физикалык жөндөмдүүлүгүн арттыруу жана ден соолугун чыңдоо болуп саналат.

Эске салсак буга чейин Достук айыл аймагында өткөрүлгөн кичи футбол мелдешинде Ноокен РИИБдин командасы биринчиликти жеңип алышкан.

Пикир

Оставить комментарий