• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Кыргыз-герман бизнес форумун өткөрүү талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 05.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 4-ноябрында КР тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министринин орун басары Айбек Артыкбаев Германиянын экономикасынын Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Ховсеп Восканян менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Германиянын экономикасынын Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Ховсеп Восканян өкүлчүлүктүн ишмердүүлүгү, ишке ашырылып жаткан долбоорлору, ошондой эле кыргыз тарап менен кызматташууну өнүктүрүү боюнча пландары тууралуу маалымдады

Өз кезегинде министрдин орун басары А.Артыкбаев кыргыз тараптын өкүлчүлүк менен кызматташууну активдештирүү ниетин белгилеп, Германиянын ишканаларынын арасында Кыргыз Республикасынын потенциалын жайылтууда өкүлчүлүктүн мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга кызыкдар экендигин билдирди.

А.Артыкбаев биргелешкен иш-чараларды өткөрүү аркылуу эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи, атап айтканда, эки өлкөнүн бизнес түзүмдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты жолго коюуга шарт түзө турган кыргыз-герман бизнес форумун өткөрүүнү сунуштады.

Бул контекстте ал ошондой эле кыргыз-герман соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Кыргыз-герман Ишкерлер кеңеши түзүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат берди.

Министрликтин алдында Экономикалык дипломатия боюнча консультативдик топ иштеп жатканына, анын алкагында чет өлкөлөрдө экономикалык дипломатияны өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын бизнес-ассоциациялары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү механизми түзүлгөндүгүнө өзгөчө көңүл бурду.

Жолугушууда тараптар өзүнчө кыргыз-герман бизнес форумун өткөрүү, Кыргызстан менен Германиянын бизнес-ассоциацияларынын ортосунда өнөктөштүк мамилелерди түзүү боюнча макулдашууга жетишти. Тараптар ошондой эле биргелешкен өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн системалуу, туруктуу кызматташуу зарыл деген пикирге келишти.

Пикир

Оставить комментарий