• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Амангелдиев KOICA`нын жаңы дайындалган директору менен кызматташтыкты талкуулады

Экономика 0

Бишкек, 22.02.24. /Кабар/. Күн мурун экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) кеңсесинин директору Лим Суён менен Кыргызстандагы миссиясынын башталышына байланыштуу жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууда министр Лим Суёндун бай тажрыйбасы Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого жардам берерин белгиледи. Ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун негизги аспектилери талкууланды.

Министр Амангелдиев Кореяга узак мөөнөттүү жана ишенимдүү өнөктөштүгү жана мамлекеттик башкаруу, айыл чарба, санариптештирүү, саламаттыкты сактоо жана аймактарды өнүктүрүү сыяктуу түрдүү тармактарда Кыргызстанга жигердүү колдоо көрсөтүп жаткан KOICA`нын өзгөчө ролу үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Лим Суен ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты координациялоодо KOICA`нын контр-өнөктөшү катары министрликтин маанилүү ролун, ошондой эле демилгелердин жана долбоорлордун көлөмү өсүп жатканын белгиледи.

Соңунда тараптар пландаштырылган демилгелердин ийгиликтүү ишке ашырылышына жана кызматташтыктын чыңдалышына ишенимин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий