• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

"Жашыл" кичирайондор. Кыргызстанда жаңы инвестициялык долбоор иштелип чыгууда

Экономика 0

Бишкек, 29.09.22. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 35тен 60 млн чарчы метрге чейин турак жай жетишсиздиги бар. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү курулуш компаниялар керектүү турак жайды өз алдынча камсыздай алышпайт.

“Жакшы учурда алар жылына 1,8 млн чарчы метр гана турак жай кура алышат. Ал эми биздин талап 35тен 60 млн чарчы метр бойдон кала турган болсо, мындай темп менен муктаждык 30 жылда араң жабылат”, - деди Умбриэль Темиралиев.

Ал ошондой эле өлкөнүн банк сектору бүгүнкү күндө маселенин чечилишине таасир эте албасын, анткени алар сунуштаган ипотекалык шарттар жаш үй-бүлөлөрдүн жана жаңы келген адистердин күчү жетпей турганын белгиледи. Курулуш компанияларынын бөлүп төлөө жөнүндөгү сунушу дагы ушундай эле абалга келип такалат.

“Банктарга жана курулуш компанияларына жардам берүү үчүн биз “спутник шаарчалары” мисалында ири долбоорлорду иштеп чыгуудабыз. Бул 4-5 миң үй-бүлөгө жаңы “жашыл” технологиялар менен башкача айтканда, электр тармактарына күч келтирбеген күн энергиясын колдонгон, сууну туура пайдаланган жана Жылуулук электр борборуна байланбаган жаңы кичирайондорду куруу”, - деди ал.

Ал кошумчалагандай, араб өлкөлөрү бул багытта Кыргызстан сыяктуу чакан мамлекеттер менен кызматташууга даяр экенин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий