• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде аткезчилик жүк ташуу үчүн колдонулган унаа конфискацияланды

Аймак 0

Бишкек, 16.12.22. /Кабар/. Баткенде аткезчилик товарды ташуу үчүн колдонулган Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаа мамлекетке конфискацияланды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мындай чечим 2022-жылдын 14-декабрында КР Жоруктар жөнүндө кодексинин 372-1 беренесине ылайык, Баткен райондук соту тарабынан чыгарылды.

Эске салсак, Баткен облусунун Кадамжай районунун Галча айылында М.М.А. аттуу кыргыз жаранынын (башкы тамгалар өзгөртүлдү) башкаруусундагы Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаа текшерилип, унаадан бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери жок балдар кийимдеринин ассортименти табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 170 кг болгон.

КР Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облустук бөлүмүнүн экспертинин корутундусуна ылайык, кармалган товардын орточо базар баасы 114 миң 250 сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий