• 88.68
  • 95
  • 0.95

Улуттук банк Баткен шаарында көчмө жыйын өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 16.12.22. /Кабар/. Кечээ, 15-декабрда КР Улуттук банкы Баткен шаарында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көчмө жыйынга коммерциялык банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын, "Кыргызстан банктарынын союзу" юридикалык жактар бирикмеси менен "Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесинин, "Кепилдик фонду" ААКтын, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жана КР мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты.

Көчмө жыйын КР президентинин "Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.

Жыйындын жүрүшүндө коммерциялык банктар жана банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылышуудан жабыркаган карыз алуучуларга колдоо көрсөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар, анын ичинде жабыркагандардын кредиттерин эсептен алып салуу жана реструктуризациялоо түрүндө жардам көрсөтүү чаралары тууралуу маалымат берилди.

Көчмө жыйындын жыйынтыгы боюнча КР Улуттук банкы, финансы-кредит уюмдары, "Кыргызстан банктар союзу" юридикалык жактар бирикмеси жана "Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмеси тарабынан Баткен облусунда жашаган же чарба ишин жүргүзгөн жарандарга жана чарба жүргүзүүчү субъекттерге кредит берүү жана кредит берүү маселелерин карап чыгуу процесстерин жөнөкөйлөтүү механизмдерин, ошондой эле жабыркаган карыз алуучулардын маселелерин андан ары чечүүгө багытталган биргелешкен резолюция кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий