• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте кичи автобус жол кырсыгына учурап, оодарылып калган (видео)

Коом 0


Бишкек, 24.02.20. /Кабар/. Кечээ, 23-февраль күнү болжол менен саат 08:10дө Калык Акиев менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде автоунаа жана кичи автобустун катышуусунда жол кырсыгы болду.

"Кабар" агенттигине Кайгуул милициясынан билдиришкендей, 26 жаштагы А.Т. аттуу жаран айдаган Mazda Demio унаасы Калык Акиев көчөсү менен түштүктү көздөй бара жатып, Москва көчөсүндө Mercedes Sprinter унаасын сүзгөн.

Жол кырсыгынан 10 адам жабыркаган. Алардын бешөө Улуттук госпиталга, дагы беш жаран №4 шаардык ооруканага жеткирилген.

Бул жол кырсыгы Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган. Сотко чейинки тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий