• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда чегирткелерге каршы күрөшүү жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 23.04.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда чегирткелерге каршы күрөшүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак өнөр жай жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунда зыяндуу чегирткелерди изилдөө иштерине Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин адистери тарабынан ыкчам топтор түзүлүү менен масштабдуу изилдөө жана чегирткеге каршы күрөшүү иштери жүрүп жатат. Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин 8 даана Toyota Hilux үлгүсүндөгү авто унаалары атайын жабдыкталып, ортонулган уу чачкычтары менен жөнөтүлгөн. Бул техникалардын күнүмдүк өндүрүмдүүлүгү 200-400 га чейин жер аянтты түзөт. Кошумча дагы 3 даана жабдыкталган Toyota Hilux унаалары жөнөтүлүүдө.

“2019 – жылдын 23 апрелине карата Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы жана Ноокен районундагы зыяндуу чегирткеге каршы күрөшүү иш чараларынын абалы, баардыгы болуп 14295 га жер изилденип, анын ичинен 11400 га жер аянтта зыяндуу чегиртке табылган жана бүгүнкү күнгө карата 6900 га жер иштетилүү менен күрөшүү иш чаралары уланууда”, - деп берилет маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий