• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Жыл башынан бери мамлекеттик компания тарабынан 3 миңден ашуун ОСАГО полиси берилди

Коом 0

Бишкек, 03.05.23. /Кабар/. "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" жыл башынан бери 3 миң 296 автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу (ОСАГО) полисин берди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында "Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун" өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бурул Калматова билдирди.

Анын айтымында, буга чейин аларга камсыздандыруу төлөмүн алуу үчүн кайрылган бир факты катталган. "Учурда текшерүү жана документтерди чогултуу иштери жүрүп жатат. Эгерде камсыздандыруу окуясы катталса, каражат 30 күндүн ичинде төлөнүп берилет", - деди ал.

Белгилей кетсек, "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААК ОСАГО полисин берген жалгыз мамлекеттик компания.

Пикир

Оставить комментарий