• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда Кадыржан Батыровдун бала бакчасы муниципалдык менчикке өтөт

Аймак 0

Бишкек, 07.12.20. /Кабар/. Жалал-Абадда Кадыржан Батыровдун бала бакчасы муниципалдык менчикке өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Некрасов көчөсүндө жайгашкан бала бакчанын имаратына барды. Анткени кезинде Батыровго таандык болгон бала бакча эми шаардын карамагына өтөт. Бул багытта өкмөттүн токтому чыккан.

Буга чейин чейин бул имаратты Элдик ишканасы, Нур-Билим ордосу ЖЧК иштетип келген. Учурда тийиштүү органдар таланып-тонолгон имаратты териштирип жатат.

Калаа башчы имараттын абалын көрүп, бала бакча катарында иштетүү үчүн зарыл болгон аракеттер менен таанышып чыкты. Имараттын ичинде эмеректер, керектүү жабдыктар жок. Ага 6 млн сомдой каражат сарптала турганы эсептелип чыккан. Териштирүү аяктаган соң шаар бийлиги муниципалдык менчикке алып, кошумча бала бакча ачууну пландоодо. Мэр бул багытта иш жүргүзүүнү тийиштүү жетекчилерге тапшырды.

Эрнисбек Ормоков андан соң калаадагы Шүүдүрүм бала бакчасынан кабар алды. Бул имаратты да билим берүү багытында иштетүү боюнча аракеттер көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий