• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аламүдүндө жашы жете элек кызга нике кыйган имам кармалды

Коом 0

Бишкек, 16.08.23. /Кабар/. Жашы жете элек кызга нике кыйганды үчүн айылдын имамы кармалды. Бул тууралуу Чуй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

маалыматка ылайык, облустук милициянын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Аламүдүн районунун Васильевка айылынын имамы 1960-жылы туулган Э.Р. жашы жете элек кыз 2005-жылы туулган Б.М. менен 1995-жылы туулган Ш.Х.га нике кыйгандыгы аныкталган.

Аталган факт Аламүдүнрайондук милициясына катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин "Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу" беренесиндеги кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө учурунда жаран 1960-жылы туулган Э.Р. аталган кылмыш ишине шектүү катарында кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Бүгүнкү күндө ага карата үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмыш иши соттук кароого жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий