• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЖКККББ: Мындан ары такси каттамдары автобекеттерден гана жолго чыгышат

Коом 0

Бишкек, 23.08.23. /Кабар/. Мындан ары такси каттамдары автобекеттерден кана жолго чыгышат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

ЖКККББ кызматкерлери президенттин жарлыгына ылайык, Бишкек шаарынан башка аймактарга каттаган маршруттук таксилердин каттамын автобекеттерде гана жүргүзүүнү ишке ашырууда.

"Мунун алкагында Ош базардын тегерегиндеги баш аламан орун алган такси кызматынын айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен баарын автобекеттин ичине орун берип, киргизүүдө. Анткени, сыртта өз алдынча каттамга чыккан такси кызматтарына көзөмөл жок болуп, алар каалаган учурда бир сутка ичинде эки жолу каттамга чыгып, чарчаңкы психологиялык жактан даяр эмес, унаанын техникалык абалына көңүл бурулбай, айдоочу өзү уктап кетип, жол кырсыктарына кабылган фактылар кездешүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми автобекетте алыскы аймактарга каттаган таксилердин баарына көзөмөл жүргүзүлүп, кезек-кезеги менен каттамга чыгарылып, баардыгы атайын журналга катталып, унаалардын техникалык абалына да көзөмөл жүргүзүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий