• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тышкы иштер министри иш сапары менен Германияга барат

Саясат 0

Бишкек, 23.08.23. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 24-25-августта иш сапары менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Германия Федеративдүү Республикасына барат.

Ведомстводон билдиришкендей, министр Кулубаев иш сапарынын алкагында германиялык кесиптеши Анналена Бербок менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Сапардын максаты - кыргыз-герман саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну кеңейтүүнү талкуулоо.

Ошондой эле министр Германиянын Федералдык президентинин аппаратынын жана канцлердин аппаратынын жетекчилиги, Бундестагдын депутаты жана Германиянын айлана-чөйрөнү, жаратылышты коргоо, ядролук коопсуздук жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо федералдык министрлигинин жетекчилиги менен жолугушууларды жана кыргыз-герман экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты арттыруу маселелерин талкуулоо максатында Германия экономикасынын Чыгыш комитетинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий